КББА: МУГАЛИМДЕР КТПНЫ ӨЗ КЛАССЫНА ЫЛАЙЫКТАШТЫРУУГА УКУКТУУ

  • 28.08.2026
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясы (КББА) жалпы билим берүү мектептеринде болжолдуу календардык-тематикалык пландарды (КТП) колдонуу тартиби боюнча атайын нускамалык-методикалык түшүндүрмө иштеп чыкты. Бул документ билим берүү процессин уюштурууда мектеп жетекчилери жана мугалимдер арасында КТПны бирдиктүү түшүнүүнү камсыз кылуу максатын көздөйт.

Жаңы түшүндүрмөгө ылайык, КББА тарабынан иштелип чыккан пландар сунуштамалык гана мүнөзгө ээ. Ал окуу программасын ишке ашыруунун жалпы логикасын аныктаганы менен, бардык мектептерде жана класстарда ар бир сабакты механикалык түрдө бирдей өтүүнү талап кылбайт. Эң башкысы — окуу планындагы жүктөмдүн көлөмү, программанын милдеттүү мазмуну жана күтүлүүчү натыйжалар сакталышы шарт. Башкача айтканда, сабакты өтүүнүн так датасы эмес, биринчи кезекте окуучулар жетишүүгө тийиш болгон билимдин натыйжасы бирдиктүү болууга тийиш.

Эми мугалимдерге конкреттүү класстын өзгөчөлүктөрүн, окуучулардын муктаждыктарын жана өздөштүрүү темпин эске алуу менен окуу материалын бөлүштүрүүнү ылайыкташтырууга укук берилет. Алар жалпы сааттардын чегинде убакытты кайра бөлүштүрүүгө, методдорду жана формаларды эркин тандоого укуктуу. Бир предметтен берген мугалимдердин пландары да бири-бирине таптакыр окшош болуусу милдеттүү эмес. Буга байланыштуу КББА мектеп администрацияларына жана методикалык бирикмелердин жетекчилерине КТПны ашыкча унификациялоого жол бербөө керектигин эскертет. Эгерде билим берүү процесси стандарттын чегинде уюштурулуп жатса, айрым темаларды өтүү даталарынын айырмаланышы эреже бузуу катары каралбайт. Ошол эле учурда өзгөртүүлөрдүн баары педагогикалык жактан негизделип, мамлекеттик стандарттын чегинен чыкпашы керек.

Мындан сырткары, «Э-Күндөлүк» системасына темалардын тизмеси жүктөлгөнү менен, мугалимдер өз графигине жараша пландарды адаптациялоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт. Учурда бардык актуалдуу болжолдуу пландар КББАнын www.kao.kg расмий сайтындагы «Мектептик билим берүү» бөлүмүнө ачык жайгаштырылган жана аны жүктөп алууда предметтин, класстын, тилдин тактыгына маани берүү сунушталат.

Академиянын башкы жыйынтыгы — «Билим берүүнүн бирдиктүү натыйжалары — вариативдүү педагогикалык чечимдер» деген принципке таянуу менен мугалимдин кесиптик өз алдынчалуулугун сактоо жана билим сапатын жогорулатуу болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер