КАЗЫБЕК АЙЫЛЫНДАГЫ «МАНАС ТААНУУ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШИ

  • 12.11.2019
  • 0

Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде залкар манасчы Саякбай Карала уулунун 125 жылдыгына арналган «Манас таануу» интеллектуалдык кароо-сынагына райондогу 20 мектептин окуучулары катышты.

КАЗЫБЕК АЙЫЛЫНДАГЫ "МАНАС ТААНУУ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШИ

Кароо-сынактын калыстар тобунда бүт республикага белгилүү манасчылар Исаков Рысбай, КР Эмгек сиңирген артисти Калил уулу Асанаалы, ошондой эле Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Баатырбеков Алмазбек, «Саякбай Каралаев» коомдук фондунун төрагасы Ибраев Самат, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гулнара ж.б. белгилүү адистер болду.

КАЗЫБЕК АЙЫЛЫНДАГЫ "МАНАС ТААНУУ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШИ

Конкурстун жыйынтыгында Н.Үсөналиев орто мектеби 23 упай менен 1-орунду жеңип алды. Карыбек уулу А орто мектеби 20 упай менен 2-орунду, Искендеров орто мектеби 18 упай менен 3-орунду, Тынымбаев мектеби 15 упай менен 4-орунду ээледи.

Кароо-сынакты «Көйкашка» коомдук фонду уюштурду. Өзгөчөлөнгөн окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге аталган фонд тарабынан медалдар, китептер, акчалай сыйлыктар берилди.

КАЗЫБЕК АЙЫЛЫНДАГЫ "МАНАС ТААНУУ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШИ

“Ар бир окуучунун жүрөгүнө «Манас»  эпосун түнөк таптырууга эмгек кылган «Койкашка» коомдук фондусуна  ыраазылык билдиребиз”,-деди мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Мамбетмусаева Зиядат.

КАЗЫБЕК АЙЫЛЫНДАГЫ "МАНАС ТААНУУ" ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕЛДЕШИ

Мектептин окуучулары «Манас» эпосунан үзүндүнү сахналаштырып жогорку чеберчиликте аткарышты. Манас баатырдын Кошойго келип жолуккан урматына «көк бөрү» ташталган эпизодун аткарып беришти. 40 окуучу «Кырк чоро» бийин аткарып, 65 окуучу «Манас» эпосунан үзүндүнү жалпы жатка  айтып беришти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер