КАЗАКСТАНДЫН ЖОЖДОРУНДА ОКУУГА ӨТҮНМӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУ УЛАНТЫЛУУДА

  • 16.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары арасында конкурстук тандоого документтерди кабыл алуу улантылып жатканын эскертет.

Конкурстук тандоого катышууга коюлган шарттар жана талаптар Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган. http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасында (“2022-2023-окуу жылына Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу” бөлүмү, “_____” программасы) катталып, зарыл болгон жерди толтуруп, бардык документтерди 2022-жылдын 19-майына саат 23:59га чейин жүктөө зарыл.

Көңүл буруңуздар: документтердин толук эмес токтомун камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат!

Конкурстук программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15.:00дөн 17:00гө чейин төмөндөгү телефондор аркылуу берилет: +996 (312) 625082, 621519, 620497.

Ошондой эле программага катышуу боюнча маселелерди [email protected] электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер