КЕЛЕЧЕГИ КАЙЫККА БАЙЛАНГАН БАЛДАР

  • 29.09.2021
  • 0

Алия Самарбекова — Токтогул ГЭСине чукул жайгашкан Токтобек-Сай айылынын жаш тургуну. Ал отуз түтүндүү айылдын башка балдарындай эле Кара-Көл шаарындагы мектептерден билим алат.

КЕЛЕЧЕГИ КАЙЫККА БАЙЛАНГАН БАЛДАР

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Айгерим Акылбекова кезектеги видео баянында цивилизациядан бөлүнүп калган отуз түтүндүү Токтобек-Сай айылы тууралуу кеп кылды. Мекенчил адамдардын бул конушунда бала бакча, мектеп же акушердик-фельдшердик пункт эзели болбоптур. Электр жарыгынын келгенине он жылдын жүзү болгон. Жашоочулар өздөрүнө зарыл тамак-аш, оокаттын баарын энергетиктер шаарчасынан кайык аркылуу өтүп, дүкөндөрдөн сатып алып келишет. Кайык менен өтүүнүн өз кыйынчылыгы бар.

КЕЛЕЧЕГИ КАЙЫККА БАЙЛАНГАН БАЛДАР

Адамдардын, айрыкча жаш балдардын коопсуздугун ойлоп, аларды сактоочу жилеттер менен камсыз кылуу керек.
Бирок баарынан да бул табияты көз тайгылткан Токтобек-Сайда өз чакан башталгыч мектеби болсо жакшы болмок экен. Кызыктуу видеобаянды көрүп жатып, эртең шайлоодо эл жүгүн көтөрөм деген саясий партиялар, мүмкүнчүлүгү бар азаматтар ушуну эске алат деген ойдо калдым.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер