КАЙТАЛАНГЫС ЭЛМИРБЕКТИН  ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АРНАЛГАН СЫНАК

  • 25.11.2021
  • 0

“Айгине” маданий-изилдөө борборунун  кеңсесинде 2020-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан заманыбыздын залкары, акын, ырчы, устат Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналган сынакты уюштуруу боюнча жолугушуу өттү.

Демилгени көтөргөн “Айгине” тобуна Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университети жана жакын досторунун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Ч.Айтматов жана Р.Абдыкадыров сыйлыктарынын лауреаты Сыймык Бейшекеев кошулуп, ой бөлүшүштү.

Бул  демилгенин кыска жана узак мөөнөттү тариздери, сынактын  мөөнөтү, шарттары жана байге каражаттары талкууга алынды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер