КАТУУ СУУКТАН УЛАМ МЕКТЕПТЕРДЕ КАНИКУЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 25.01.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине катуу суук башталганына байланыштуу балдардын ден соолугун көзөмөлдөөнү күчөтүү тууралуу телефонограмма жөнөттү. Ошол эле кезде министрдин буйругу менен мектептер 26-30-январга чейин окуу процессин токтотушту.

КАТУУ СУУКТАН УЛАМ МЕКТЕПТЕРДЕ КАНИКУЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Бардык шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, ошондой эле Бишкек жана Ош билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине билим берүү мекемелеринде күн сайын абанын температурасын өлчөөгө жана жергиликтүү бийлик органдарына, министрликке, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин аймактык бөлүмдөрүн маалымдоого буйрук берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин официалдуу билдирүүсүнүн негизинде балдардын ден соолугун коргоо максатында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын 31-беренесине ылайык, билим министри Г.Кудайбердиеванын буйругу менен республикадагы бардык мектептерде 26-январдан 30-январга чейин окуу процесси токтотулду.

Министрдин буйругуна ылайык окуу процесси окутуу беш күндүк мектептер үчүн 26, 29 жана 30-январга чейин; окутуу алты күндүк мектептер үчүн 26, 27, 29 жана 30-январга чейин токтотулду.

Окутуу беш күндүк мектептер үчүн окуу программалардын аткарылышы ишемби күндөрү менен толукталса, алты күндүктөр жазгы каникулдун эсебинен толукталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер