КАТУУ ШАМАЛ: БИШКЕКТЕ 11 МЕКТЕП ЖАНА 8 БАЛА БАКЧА ЖАБЫРКАДЫ

  • 29.03.2024
  • 0

КАТУУ ШАМАЛ: БИШКЕКТЕ 11 МЕКТЕП ЖАНА 8 БАЛА БАКЧА ЖАБЫРКАДЫ

28-мартта, Бишкете катуу шамалдын кесепетинен 19 билим берүү мекемеси, 11 мектеп жана 8 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу муниципалитеттен «Кабар» маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, көпчүлүк учурда чатырлары талкаланып, ошондой эле мектеп жана бала бакчалардын тегерегине бак-дарактар кулаган учурлар да бар.

Учурда кулаган бактарды алуу, тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда, түзүлгөн комиссия иштин жүрүшүндө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

Айта кетсек, мектеп окуучулары 2024-жылдын 1-апрелине чейин каникулда, бала бакчалар кадимки режимде иштей берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер