КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

  • 14.04.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  тарабынан кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата 16-марттан 30-августка чейин беш айлык акция жарыяланган.

Беш айлыкка республика боюнча онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай иш-чараларды уюштуруу менен бардык билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка бардык каалоочулар катыша алат. Жободо өткөрүлчү иш-чаралар, аткарылчу иштер боюнча багыттар, сунуштар берилген.

Беш айлык символикалуу түрдө К.Тыныстановдун туулган күнүнө карата жыйынтыкталып, жобонун шарттарына ылайык жасалган иштери кызыктуу, мазмундуу, таасирдүү деп аныкталгандарга, иш-чараларга жигердүү катышкандарга сыйлыктар ыйгарылат.

Толук маалыматты Улуттук комиссиянын расмий www.mamtil.kg веб-сайтынан, Фейсбук баракчасынан алууга болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер