КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 27.09.2021
  • 0

​ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган видео ролик менен башталып, ​ Касым Тыныстановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүүсүндөгү орду жана кыргыз илиминдеги зор салымы, элибиздин ынтымакчылыгы туурасында баяндамалар жасалды. ​ ​

Иш-чарага Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы М.С.Раматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл​ облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.Э.Далиев, орун басары Э.В.Усенова жана Ыссык-Көл облусунан келген делегация курамы, институттун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты. Делегация институттун китепканасына китептерди белек кылышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер