КАРЛЫГАЧ ЭСЕНГУЛОВА — ЧҮЙДҮН МЫКТЫ МУГАЛИМИ

  • 24.05.2023
  • 0

23-майда Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы инновациялык окуу-тарбия комплекс лицейинде Чүй облусунун “Жыл мугалими” конкурсу жыйынтыкталды.

КАРЛЫГАЧ ЭСЕНГУЛОВА — ЧҮЙДҮН МЫКТЫ МУГАЛИМИ

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүльмира Кыштобаева катышты.
Облус аймагындагы сегиз райондун жеңүүчүлөрүнүн ортосундагы таймашта Сокулук районундагы Ново-Павловка мектеп-гиманзиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Карлыгач Эсенгулова башкы сыйлыкка татыктуу болду. Ал эми Панфилов районундагы К.Тилебалдиев атындагы жатак мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Милана Кененбаева 1-орунга, Токмок шаарындагы №3 орто мектебинин англис тили мугалими Элмира Токторова 2-орунга,  Кемин районундагы М.Тарыхбаев атындагы орто мектебинин тарых мугалми Алмазбек кызы Нурайым жана Аламүдүн районундагы Мрамор орто мектебинин башталгыч класстардын мугалими Зарина Казакбаева 3-орунга ээ болду.

(Атайын кабарчы)

Бөлүшүү

Комментарийлер