КАРАСУУЛУКТАР ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР
- 20.08.2021
- 0
Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептер жаңы окуу жылына толугу менен даяр.
Кара-Суу райондук билим берү бөлүмүнүн райондогу жалпы билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө берген маалыматка таянсак, Кара-Суу районунда 131 мектепте 5675 мугалим эмгектенет.
— Жаңы окуу жылына даярдык боюнча бүгүнкү күндө жалпысынан — 25 517 492 сом акча каражаты жумшалды. Анын ичинен республикалык бюджеттен — 5 262 558, жергиликтүү бюджеттен — 3 219 204, көмөкчү чарбанын эсебинен — 400 350, демөөрчүлөрдөн — 3 897 990, Камкорчулар кеңешинен — 4 342 174, эл аралык уюмдардан — 303 850 сом. 2021-2022-окуу жылына карата мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча эмеректер (интерактивдүү доска, компьютер, ноутбук, парта, стол, стул, гүл коюучу стеллаж) сатылып алынды. Жалпысынан 4 845 640 сом. Анын ичинен: демөөрчүлөрдөн — 2 780 300 сом, мектепти бүтүп кеткен 10-20 жылдык бүтүрүчүлөрдөн — 2 065 340 сом. Мындан сырткары жаңы окуу жылында курулушу токтоп калган республикалык бюджеттен — 4, «Сауд» өнүктүрү фонду тарабынан салынган 1, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 мектеп пайдаланууга берилет, — дейт, -Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Машрапова.
Ошондой эле бала бакча менен мектеп алдында көмөкчү чарбалар уюштурулган. Алсак, жалпы 102 мектепте көмөкчү чарба уюшулган, анын ичинен: мал чарбасы — 18 мектепте (3 уй, 31 кой, козу — 8, эчки — 8); тоок чарбасы — 6 мектепте (105 тоок); күнөскана — 3 мектепте; мөмөлүү дарак — 91 мектепте (4341 түп); жашылча жер- жемиш — 20 мектепте (138 сот); айыл чарба эгиндери — 20 мектепте (12 га.); терек, арча, кайың — 14 мектепте уюшулган.
— 68 бала бакчада да көмөкчү чарба уюшулган. Алсак, мал чарбасы — 4 бала бакчада (8 кой); тоок чарбасы — 4 бала бакчада (258 тоок, 9 өрдөк, 11 коен); мөмөлүү дарак — 72 бала бакчада (2175); жашылча жер-жемиш — 17 бала бакчада (27 сот); арча, терек, кайың — 3 бала бакчада (104 түп), — дейт Г.Машрапова.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер