КАРАСАЕВДИН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ

  • 22.01.2021
  • 0

И. Раззаков атындагы КМТУнун  Кыргыз тили кафедрасы тарабынан 20-январда Кыргыз совет тилчиси, улуттук  туңгуч  лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, алп агартуучу  Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына  арналган тегерек стол уюштурулду.

КАРАСАЕВДИН 120 ЖЫЛДЫГЫНА  АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ

 

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатында эмгек сиңирген ишмер, эки жолку КР Билим берүүнүн отличниги, ф.и.к., профессор  С. Бегалиев жана жазуучу , котормочу Ибрагим Түркхан, И.Раззаков атындагы КМТУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору  Б. Төрөбеков катышып, кызыктуу маек куруп беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер