КАРАКОЛДУН МЕКТЕПТЕРИНЕ БЕТКАП МЕНЕН КОЛКАП КИМДИН ЭСЕБИНЕН АЛЫНГАН?

  • 11.09.2020
  • 0

Каракол шаарынын айрым мектептери ата-энелерден антисептик, дезинфекциялоочу каражаттарын чогултуп жатканы тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Мындан улам Каракол шаардык мэриясы ар бир мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, төмөндөгүдөй маалымат билдирди.

«Жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдарга бет кап, кол кап, дезинфекциялоочу каражаттарын, термометрлер алып берилген. Ата-энелер социалдык тармактар аркылуу алардан да талап кылып жатканын айтып жатышат. Учурда бардык мектеп жетекчилерге түшүндүрүп, мындай каражаттарды чогултуунун кереги жок экенин эскерттик. Ал эми чогултту делген мектеп жамааты санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу талап катуу болуп жаткандыктан, айрым жетишпеген (санитардык бүт сүргүч сыяктуу каражаттар) каражаттарды сурагандыгын айтышты. Аларга эскертилип, чогултууга тыюу салынды. Жергиликтүү бюджеттен мектепке алынган каражаттар эки айга жетет», — деп айтылат ал маалыматта.

Белгилей кетсек, шаарда учурда 10 мектеп бар. Анда 1600 бала биринчи класстын окуучусу.


“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер