Караколдо 13 жаштагы баланын сөөгү табылды

  • 31.10.2023
  • 0

 Караколдо 13 жаштагы баланын сөөгү табылды

Караколдо 13 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 12:30дар чамасында Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылган.

Ал 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, сабактан кийин үйүнө келбей калганын билдирген. Кийинчерээк жергиликтүү тургундардан шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Каза болгон жаран издөөдө жүргөн мектеп окуучусу болгон. Бул факт каттоого алынып, соттук-медициналык текшерүү дайындалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер