КАРАКӨЛДҮК МУГАЛИМДЕР ӨКМӨТКӨ ЫРААЗЫ

  • 12.11.2019
  • 0

Өкмөттүн мугалимдердин айлык-маянасын 30 пайызга көбөйтүү чечими каракөлдүк мугалимдерди текши кубанычка бөлөдү.

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиеванын пикиринде мамлекеттин мугалим тууралуу мындай камкордугу агартуучуларды мындан ары да билим-тарбия ишинде талыкпай  иштей беришине сөзсүз түрткү берет.

—  Учурда мугалимдерибиздин айлыгы көтөрүлүп, кубанычтары койнуна батпай турган кез. Өкмөт мугалимдерге көңүл буруп, педагогдордун коом алдындагы кадыр-баркын ушинтип көтөрүп жатат. Бул аябай жакшы жөрөлгө. Анткени мугалимдерди сыйлап, барктаган мамлекет гана өнүгөт, — дейт Алымкан Бопоновна.

Сөзүбүз кур болбосун. Энергетиктер  шаарчасындагы мугалимдердин айлык акылары көтөрүлгөндүгү боюнча жеринен мисал келтирсек.

Мисалы, шаардагы Токтогул атындагы N1 мектеп- гимназиясында орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген Жумаева Элизанын педагогикалык стажы — 25 жыл. Жумалык жүктөмү — 23 саат. Ал  0.5 ставкада ийрим ишин да алып барат. Мурда маянасы 16000 сом болсо, айлык акы жогорулагандан кийин айына  27000 сом алууда.

Шопоков атындагы N4 орто мектебинин тарых мугалими Мадышова Миргүл 19 жылдан бери мектепте иштейт. Мурда ал 26 саат менен иштеп,  14500 сом алса, ушу тушта Миргүл эжейдин маянасы 21000 сомго барабар.

Ал эми  Хуриев атындагы N5  орто мектебинин математика мугалими Болотбекова Айтилек жумасына 14 саат менен иштеп, 8100 сом алып келсе, азыр жаш педагогдун маянасы 9300 сомду түзөт.

Түлөбердиев атындагы N2-жалпы билим берүү инновациялык мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сүйөралиева Жаңылай 15 жылдан бери билим берүү тармагында иштейт. Анын 29 саат жумалык жүктөмү бар. Ушуга чейин  14000сом айлык акы алып келсе, октябрь айы үчүн 19900 сом алды.

Кубанычка бөлөнгөн мындай жандуу мисалдар энергетиктер шаарчасынын 8 мектебинде эмгектенген ар бир мугалимде бар экенин айта кетели.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер