КАРА-СУУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ ЖАҢЫ ЖАБДУУЛАР ТАПШЫРЫЛЫП, МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ
- 15.10.2025
- 0
Бүгүн агартуу жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Министр иш-чарада мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, 60 жыл мурда ЮНЕСКОнун чечими менен октябрдын биринчи жумасы мугалимдер күнү катары белгиленип келет.
Салтанаттуу жыйында Кара-Суу районундагы бир нече мектепке компьютер, телевизор жана мектеп эмеректери тапшырылды. Тактап айтканда:
М. Тешебаев атындагы №9 мектепке – 8 даана компьютер;
К. Зулпиев атындагы №55 мектепке – 5 даана компьютер;
С. Аристанбеков атындагы №47 мектепке – 5 даана компьютер;
Курманжан Датка атындагы №86 мектепке – 3 класска арналган эмерек комплекттери жана 2 телевизор;
А. Эшматов атындагы №82 мектепке – 3 класска арналган эмерек комплекттери;
А. Шеркулов атындагы №74 мектепке – 2 класска арналган эмерек комплекттери берилди.
Мындан тышкары, Кара-Суу районундагы “Наристе-Нуру”, “Маданият-Бүчүр”, “Мөлтүр-Тамчы”, “Бумайрам эне” жана “Ак-Чөлмөк” бала бакчаларына телевизорлорго сертификаттар тапшырылды.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагында көп жыл эмгектенип келе жаткан бир катар мугалимдер “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдер катышты.
(БК)















Комментарийлер