КАРА-СУУДА АСЫЛАЙ АЛДЫДА!

  • 27.03.2022
  • 0

Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Асылай Болтокова «Жыл мугалими — 2022» улуттук сынагынын райондук турунда биринчи орунга татыктуу болду.

КАРА-СУУДА АСЫЛАЙ АЛДЫДА!

Жаш мугалимдин жеңишин эң биринчилерден болуп өзү окуткан 1″б»  классынын окуучулары жана алардын ата-энелери чын жүрөктөн куттукташты.
Мектеп директору Айсулуу Маданова, насаатчысы Замира Атакулова мугалимден кеп-кеңешин, жардамын аяшпады.

— Сабагы да аябай таасирдүү болду.   84 балл алды. Башка тапшырмаларда да өзгөчөлөнүп, жалпы эсепте 153 балл менен биринчи орунду ээледи, — дейт жеңүүчүнүн насаатчысы Замира Атакулова.

Кара-Суу райондук Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы Исраилова Нуржан жеңүүчүлөргө 1-орунга муздаткыч, 2-орунга телевизор, 3-орунга жана кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болгондорго электр меш тапшырды.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер