КАРА-СУУ: МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

  • 30.09.2026

30-сентябрда Кара-Суу районунда Мугалимдер күнүнө карата «Агартуучулук – ыйык милдет, улуу жол» аттуу майрамдык салтанат өттү. КАРА-СУУ: МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Чыңгыз Бапаев катышып, билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. КАРА-СУУ: МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Район башчысы өз сөзүндө мугалимдик кесиптин коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, жаш муунга сапаттуу билим берүүдө жана татыктуу тарбия берүүдө агартуучулардын эмгеги зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

«Мугалим – билимдин гана эмес, адамгерчиликтин, мекенчилдиктин жана жакшы тарбиянын жолун көрсөтүп, келечек муундун калыптанышына чоң салым кошкон ардактуу кесиптин ээси», — деди Чыңгыз Бапаев. КАРА-СУУ: МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Салтанаттын жүрүшүндө райондун билим берүүсүнүн өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан алдыңкы мугалимдерге сый-урмат көрсөтүлүп, алардын эмгеги жогору бааланды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү