КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНДАГЫ САЙ-ТАЛАА АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ СПОРТ ЗАЛ АЧЫЛДЫ

  • 03.11.2018
  • 0

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Сай-Талаа айылында жайгашкан  Сооронбай Жусуев атындагы орто мектебинде спорзалды ачуу аземи болуп өттү.

КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНДАГЫ САЙ-ТАЛАА АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ СПОРТ ЗАЛ АЧЫЛДЫ

Иш чарага Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дыйканов Пиримберди  баштаган мекеме жетекчилери жана айыл тургундары келип катышты. Спортзалдын курулуш иштерине республикалык бюджеттен 13 млн сом жумшалды.

КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНДАГЫ САЙ-ТАЛАА АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ СПОРТ ЗАЛ АЧЫЛДЫ

Аким Дыйканов Пиримберди  белектерди тапшырып, мектептин курулушуна жакшы салым кошкондорду Ардак грамоталар менен сыйлады.

Аталган мектепте 110 бала учурда окуйт. Аларга 17 мугалим билим тарбия берип жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер