КАРА-КӨЛДӨ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АШПОЗЧУСУ-2021» АНЫКТАЛДЫ

  • 27.11.2021
  • 0

Кара-Көл шаарында мектептер жана мектепке чейинки мекемелер арасында ашпозчулардын таймашы өтүп, “Жылдын мыкты ашпозчусу-2021” сынагынын жеңүүчүсү белгилүү болду.

КАРА-КӨЛДӨ "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АШПОЗЧУСУ-2021" АНЫКТАЛДЫ

Таймаш мектептерде 1-4-класстардын окуучуларына жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бөбөктөргө тамак даярдаган ашпозчулардын кесиптик чеберчилигин көтөрүүнү, кесиптик деңгээлин арттырууга ашпозчулардын өздөрүн шыктандырууну көздөдү.

КАРА-КӨЛДӨ "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АШПОЗЧУСУ-2021" АНЫКТАЛДЫ
Ашпозчулар таймашына Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынан Курамаева Гульнара Тургунбаевна, Ч. Түлөбердиев мектебинен Тажибаева Гүлайым Мамасадыковна, №3 Фрунзе атындагы орто мектебинен Алибекова Тамара Асановна, №4 Шопоков атындагы орто мектебинен Субаналиева Атырбүбү Тургуновна, №5 Хуриев атындагы орто мектебинен Стамкулова Айнакан Керезбековна, №6 Темиров атындагы мектебинен Толубаева Ракан Уметовна жана «Байчечекей» бала бакчасынан Турдукулова Лора Аскаровна, «Баластан» бала бакчасынан Чикезова Базаркан Усеновна, «Келечек» бала бакчасынан
Умарова Кыйбаткан Сыргабековна катышты.

— Дегеле ашпозчулук кесиптин ээлери ойлоп тапкыч, фантазиясы кеңири болушу керек. Алар адамдардын табитин таба билиши зарыл.
Андан башка да бул кесиптин ээлеринде чыдамкайлык, ишенимдүүлүк, тазалык сыяктуу сапаттар да маанилүү, — дешти калыстар тобунун мүчөлөрү.

КАРА-КӨЛДӨ "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АШПОЗЧУСУ-2021" АНЫКТАЛДЫ

Сынактын 1-тапшырмасында ашпозчуларга “Мектеп тамагынын (10 сомдук), МЧББудагы тамактын (55 сом) калькуляциясын түзүп, жактоо милдети коюлду. Баа берүүдө бир жолу берилүүчү тамактын баасына, сапатына витаминдүүлүгүнө көңүл бурулду. 2-тапшырмага ылайык ашпозчуларга ашкана жана аны күтүү, тазалыгын сактоо, менюдагы тамактарды даярдоого коюлган талаптар боюнча 20 суроо берилди.
3-тапшырмада негизги басым ашпозчулардын шамдагайлыгына, ыкчамдыгына, кулинардык талантына, хоббисине басым жасалды.

КАРА-КӨЛДӨ "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АШПОЗЧУСУ-2021" АНЫКТАЛДЫ

Жыйынтыгында, №4 Шопоков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин ашпозчусу Субаналиева Атырбүбү “Жылдын мыкты ашпозчусу-2021” сынагынын жеңүүчүсү аталды. Ал эми калган ашпозчулар дагы чеберчилигине жараша “Мыкты кондитер”, “Эң мыкты, өзгөчө менюнун ээси”, “Чыгармачылык эргүү менен тамак жасаган ашпозчу”, “Улуттук тамактардын ашпозчусу” номинацияларынын мыктысы деп табылды.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер