КАРА-КӨЛДӨ «САНАРИП МУГАЛИМ -2024» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 28.04.2024
  • 0

Кара-Көл шаарында «Санарип мугалим – 2024» сынагы жыйынтыкталды.

КАРА-КӨЛДӨ "САНАРИП МУГАЛИМ -2024" СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынак үстүбүздөгү 2023-2024-окуу жылынын октябрь  айынан  апрель айына чейинки мөөнөткө жарыяланып, ай сайын тапшырмалар берилип турду.
Сегиз айлык таймаштын жыйынтыгы 2024- жылдын 27-апрелинде чыгарылды. Бул күнү сынактын акыркы тапшырмасы ар бир катышуучу өз педагогикалык ишмердүүлүгүн презентациялады.
Ар тараптуу чыгаан санарип педагогдордун ишмердүүлүгүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюму менен

КАРА-КӨЛДӨ "САНАРИП МУГАЛИМ -2024" СЫНАГЫ ӨТТҮ

биргеликте шаардык мэрия, шаардык кеңеш колдоп-коштоп байгеге 200 000 (эки жүз миң) сом акчалай сыйлык бөлүп беришти.

Натыйжада «Санарип мугалим -2024» деп аталган  баш байгени №3 Фрунзе атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кокоева Мунара жеңип алды.

КАРА-КӨЛДӨ "САНАРИП МУГАЛИМ -2024" СЫНАГЫ ӨТТҮ
Баш байгени жеңип алган бул мугалимге  Дубайга саякат сертификаты берилди.
Ал эми 1-орунга ээ болгон Токтосунова Жайнагүл менен Жетигенова Нурзадага  Түркияга,  2-орунду ээлеген Майрамбекова Анара менен Туратбек кызы Чолпонго Алма-Ата шаарына,  3-орунга жетишкен Анарбекова Миргүль менен Арыкбаева Мирзадага Ташкент шаарына саякат сертификаты тапшырылды.

КАРА-КӨЛДӨ "САНАРИП МУГАЛИМ -2024" СЫНАГЫ ӨТТҮ

Негизинен сынакка 14 мугалим катышты,  калган 7 мугалимге номинациялар жана Кыргызстандын кооз жерлерине саякаттоо сертификаттары берилди.

Санарип мугалимдерди бул күнкү жеңиштери менен шаардык мэриянын бөлүм башчысы Г.О.Сатарова, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов, ШБББнүн башчысы Кыргызбай к. Гүлназира жана мектеп директорлору, мугалимдер куттукташты.

КАРА-КӨЛДӨ "САНАРИП МУГАЛИМ -2024" СЫНАГЫ ӨТТҮ

Салтанаттуу иш-чара оюн-зоок, ыр-бий менен коштолуп, жалпы мугалимдерге чоң майрам уюштурулду.

Тилен ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер