КАРА-КӨЛДҮН ЖАШ ТАЛАНТТАРЫНЫН ИЙГИЛИГИ

  • 22.07.2022
  • 0

“Балажан” республикалык окуу усулдук борбору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өткөргөн “Ысык-Көл досторун чакырат 2022″ эл аралык этно карнавалына Кара-Көл шаарындагы БЧҮнөн 41 жаш талант катышты.

6-июлдан 12 июлга чейин кереметтүү көл жээгиндеги “Барчын” эс алуу лагеринде өткөн эл аралык этно карнавал балдардын эс-көөнүнөн кеткис болуп калды. Анда Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын жаш чеберлери бий, улуттук аспаптарда жекече жана ансамблда аткаруу, вокалдык ырдоо боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Этно карнавалга 500дөн ашуун тогуз жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катышты.

КАРА-КӨЛДҮН ЖАШ ТАЛАНТТАРЫНЫН ИЙГИЛИГИ

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Г.Бердимуратова жетектеген Балдар чыгармачылык үйүнүн ийрим жетекчиси Айпери Култаеванын пикиринде, эл аралык сынак эң жогорку деңгээлде өттү.

— Этно-карнавал Бишкек шаарындагы  «Ала-Тоо» ресторанында мен жетектеген “Келечек” бий ансабли аткарган “Мөлмөлүм” бийи менен ачылганы өзгөчө сыймыктуу болду. Жаш бийчилерге ошондой эле министр Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушуу, борбор калаадагы Курманжан Датканын эстелигинен Жеңиш аянтына чейинки жөө жүрүш, өчпөс отко гүл коюу жана “Барчындагы” кечки таанышуу кечесин дагы ”Келечек”бий ансабли  “Кыргыз бийи” менен ачканы, көл жээгиндеги “Тумар” бий ансамблинин жетекчиси Айгерим Байбекованын мастер класстары эстен кеткис кубаныч тартуулады, — дейт А.Култаева.

 

Айпери Култаеванын биринчи топтогу 9 жаштан 13 жашка чейинки 24 окуучусу жана 2-топтогу 14 жаштан 16 жашка чейинки 16 окуучусу байгелүү орундарды ээ болду. Алсак, жеке аткарууда Аэлита Самыйбекова биринчи орунду багындырса, Милана Атырбекова менен Айзирек Канатбекова экинчи, Бермет Медетбекова менен Сезимай Амангелдиева үчүнчү орунга жетишти. Жалпысынан алганда, жеке бий боюнча бир алтын, эки күмүш жана эки коло медаль алып келишти.

Катышуучулар “Кыргызстандын жана АКШ өлкөлөрүнүн  этномаданий өзгөчөлүктөрүн  изилдөө,  жандандыруу жана сактоо, достук мамилелерди түзүү,  ошондой эле балдардын көркөм, музыкалык, вокалдык,  хореографиялык чебечиликтерин өнүктүрүү” максатын камтыган этно фестиваль өз мүдөөсүнө жеткендигин белгилешти.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер