КАРА-КӨЛДҮН СЫЙМЫГЫ — БАЙЫШ АГАЙ

  • 05.10.2021
  • 0

Байыш Мүсүралиевди энергетиктер шаарчасынын эмгекчил эли жакшы билишет. Ал — өз кесибинин чыныгы устаты, жүздөгөн окуучулардын сүйүктүү агайы, жаш педагогдордун ишенимдүү насаатчысы, саяпкер мугалим. Мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай устат педагог «Кара-Көл шаарынын өнүгүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн» орденине, «Эл сыймыгынын ээси» төш белгисине ээ болду.

КАРА-КӨЛДҮН СЫЙМЫГЫ - БАЙЫШ АГАЙ

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Байыш Мүсүралиевдин окуучулары көп жолу шаардык, облустук олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнөн болушкан. Арасында республикалык турга жетишкендери да жок эмес. Алдыңкы мугалим катары дасыккан педагог Жалал-Абад облусунун окуучуларынын кыргыз тили жана адабияты боюнча олимпиада жоопторун баалаган комиссияны жетектейт. Чыгармачылык менен иштеген мугалимдин иш-тажрыйбасы облустук, республикалык деңгээлде жайылтылган. Байыш агайдын күнүмкү сабактарга арнап, кол жазма түрүндө толтурган портфолиолору жаш педагогдорго өрнөк болчу эң мыкты табылга болуп эсептелет.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер