КАРА-КӨЛДӨ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 06.10.2022
  • 0

Быйыл агартуучулардын кесиптик майрамы энергетиктер шаарында эсте каларлык өттү. Бул ирет шаар жетекчилери ар бир мектепке барып, мугалимдер жамаатын куттуктап, алдыңкыларга сыйлыктарды тапшырды.

КАРА-КӨЛДӨ МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ

Бул күнү мугалимдердин кубанычы чексиз болду. Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т. Конкобаев, шаардын вице мэри Г.О.Сатарова, Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы К.Д.Батыркулов, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы п.и.к. А.Б.Мырзалиева жана ШБББнүн өкүлдөрү агай-эжейлерден жакшы сөзүн аяшкан жок.

Агартуу алдыңкыларына Жогорку Кеңештин депутаты К.Сулаймановдун «Ыраазычылык каты», КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Ардак грамотасы», КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасы», «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, шаардык мэриянын «Кара -Көл шаарына ак эмгеги үчүн» медалы, шаардык мэриянын «Ардак грамотасы», шаардык кеңештин » Мыкты инсан» төш белгиси, шаардык кеңештин «Ардак грамотасы», ШБББнүн «Ардак грамоталары» тапшырылды.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер