КАРА-КӨЛДӨ «КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМ — 2023» СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 15.06.2023
  • 0

Кара-Көлдө шаардык билим берүү бөлүмү заманбап  билим берүү технологияларын өздөштүрүү, «Санариптүү Кыргызстанды» курууга салым кошуу,  PISA-2025 эл аралык тестирлөөгө даярдык көрүү жана мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын  өнүктүрүү максатында  уюштурган “Креативдүү мугалим-2023” сынагы өттү.

КАРА-КӨЛДӨ "КРЕАТИВДҮҮ МУГАЛИМ — 2023" СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Алгач сөздү окуу-усулдук кабинеттин башчысы А.К.Каракозуева баштап, конкурстун өтүү тартиби менен тааныштырды жана  жалпы конкурсанттар жөнүндө маалымат берди.
Креативдүү мугалимдерди шаардык кеңештин төрагасы Ч. А. Кимсанов, шаардык кеңештин депутаты Т.А. Мамытканова жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева куттуктап, катышуучуларга таймашта ийгилик каалашты.

Конкурстун тапшырмаларын аткаруу ноябрь айынан башталып, май айынын аягында аяктады. Өздөрүн ар тараптуу чыгармачылыкта көрсөткөн мыкты мугалимдерге байгелүү орундар, номинациялар ыйгарылды.
Гран-при ээси  Мамаева Нуржамалга  Казакстандын Алматы шаарына жолдомо сертификат, 15000 сом акчалай сыйлык берилсе, 1-орунга татыктуу болушкан Ташбаева Мунара,  Нурдин кызы Бермет, Орозматов Акайбек Казакстандын Алматы шаарына жолдомо сертификат  жана 9000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.  Ал эми 2-орунга жетишкен Назаралиева Шарипа, Максутова Эльвира, Камбарова Айдана Өзбекстандын Ташкент шаарына жолдомо сертификат жана 6000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 3-орунду багындырган Нуралиева Назгүл, Камчыбекова Майрамкүл, Аденова Гүлдана, Мавлянова Асылгүл, Маматкулова Нуржамалга  Кыргызстандын кооз жерлерине жолдомо сертификаты жана  4000 сом ыйгарылды. Сынактын башка катышуучуларынын аракети  номинациялар жана 2000 сомдон акчалай сыйлык менен белгиленди. Атап айтсак, «Санарип мугалим» — Зекирова Нургүл, «Мыкты сабак» — Чыбыкеева Гүлшайыр, «Илимпоз мугалим» — Чекирова Жазнура, «Чыгармачыл мугалим» — Токтомамбетова Алтынай, «Заманбап мугалим» — Абазбек кызы  Рахат,  «Мыкты долбоор» — Умирбекова Арзыкан,  «Мыкты уюштуруучу» — Сатыбалдиева Эльвира, «Окурман мугалим» — Мамазеитова Жазгүл,
«Изденгич мугалим» — Алекбарова Нуркыз,   «Уюштургуч педагог» — Мызалиева Эльвира.

— Мугалимдердин ишмердүүлүгүн колдоп, коомчулуктагы ордун жогору баалап байгелүү орундарга 100 000 сом акча каражат бөлүп берген шаарыбыздын эл өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсановго, биздин демилгени колдогон шаардык кеңештин  депутаты Б.Н.Кыргызалиевге   жана ШБББнүн профсоюз уюмунун төрагасы М.К.Калпакбаевге ыраазычылык билдиребиз, – дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

Тилек ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер