КАРА-КӨЛДӨГҮ МЕКТЕПТЕ ЭНЕЛЕР ТАРБИЯЛЫК САБАК ОКУШТУ

  • 19.02.2019
  • 0

Жалал-Абад областындагы Кара-Көл шаарында башталгыч класстарында «Мыкты эне», » Чон эне жана небере», Келгиле, окуйбуз” деген аталыштагы сабактар жана мелдештер ар бир класста өткөрүлүп турат.

КАРА-КӨЛДӨГҮ МЕКТЕПТЕ ЭНЕЛЕР ТАРБИЯЛЫК САБАК ОКУШТУ

КАРА-КӨЛДӨГҮ МЕКТЕПТЕ ЭНЕЛЕР ТАРБИЯЛЫК САБАК ОКУШТУ
31-январда башталгыч класс мугалими Эгизбаева У.К. 1- «а» класстагы окуучулардын энелерине «Энелер мектебинин максаты жана мааниси» деген темада сабак өттү. Энелер топторго бөлүнүп, балдарды тарбиялоонун жолдорун талкуулашты. Практика жүзүндө көңдүмдөрдү, көнүгүүлөрдү аткарышты.

16-февралда башталгыч класс мугалими Токтосунова Бурулсун 2- «в» класстын окуучуларынын энелерине » Энелер мектеби- ийгиликке жетүүнүн ачкычы» деген темада сабак өттү. Окуучулардын «Эненин мээрими» деген темада энелерине жазган каалоосу, сүйүүсү айтылып, энелердин жүрөгү жибип, көздөрүнө жаш айланды.

КАРА-КӨЛДӨГҮ МЕКТЕПТЕ ЭНЕЛЕР ТАРБИЯЛЫК САБАК ОКУШТУ

КАРА-КӨЛДӨГҮ МЕКТЕПТЕ ЭНЕЛЕР ТАРБИЯЛЫК САБАК ОКУШТУ
Энелерге бала тарбиялоодогу сегиз  катачылык видео аркылуу көрсөтүлүп, талкууга алынды.

Башталгыч класстардын окуу — тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эгизбаева У.К. эне аркылуу баланын сабакка болгон мамилеси, жүрүм- туруму калыптанат, өнүгөт дейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер