КАРА-КӨЛДӨГҮ КИТЕП ТОЙ

  • 18.10.2021
  • 0

2021-жылдын 17-октябрында Кара-Көл шаарында “Китеп той” маданий-интеллектуалдык кечеси болуп өттү.

КАРА-КӨЛДӨГҮ КИТЕП ТОЙ

Нуржигит Кадырбеков, Кайрат Итибаев, Эрлан Ысмайыл уулу, Жакшылык Бекназаров өңдүү кыргыздын мыкты инсандары “Келечектүү болуш, ар кимдин өз колунда”, “Дөөлөттүү Кыргызстанды, билимди экспорттоп курабыз”,  “Мен президент болом- жакшы тилек, жарым ырыс”, “Бир адамдан бир китеп долбоору кантип ишке ашты?” деген темада семинар өткөрүп, жаштардын рухий дүйнөсүн байытууга өбөлгө түзүштү. Ошондой эле, алар шаардын жаштарын жаркын келечекке үндөп, ак дилдүү адам болууга чакырып, жакындан ой бөлүштү. Акындар жан дүйнөсүнөн жаралган ырларды окушса, жаш манасчы Салимбай уулу Султанбек манас айтып, калган ырчы, бийчилер китеп тойду шаңга бөлөдү.

КАРА-КӨЛДӨГҮ КИТЕП ТОЙ

Китеп тойго Кара-Көл шаарынын мэри А.Ш.Балташов, вице-мэр Г.Ө. Сатарова, ШБББнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, Кара-Көл колледжинин директору Ш.С. Чолпонкулов, Жазуучулар союзунун мүчөсү Т.Чокоева жана шаардын мугалимдери, окуучулары, студенттери катышты.

КАРА-КӨЛДӨГҮ КИТЕП ТОЙ
Жаштарды китеп окууга чакырган бул иш-чараны Кара- Көл шаарынын Жаштар кеңеши, «Ант» коомдук бирикмесинин активист жигиттери Нурболот Кармышов,  Саид Султаналиев, Байбура Шакиров жана «Ак кеме » китеп дүкөнүнүн ээси Бакыт Шейшенбаев уюштурду.

КАРА-КӨЛДӨГҮ КИТЕП ТОЙ

— Бүгүнкү семинарга келген ар бир инсан эргүү алып, жан дүйнөсүн байытып кайтты десем жаңылышпайм.
«Бир адамдан бир китеп» долбоору шаардын баардык билим берүү мекемелеринде улантыла берет, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты А. Б. Мырзалиева.

Т.Орозова, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер