КАРА-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕР КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН ТИЛИН ТАБЫШТЫ

  • 11.04.2020
  • 0

Энергетиктер шаарчасынын мугалимдери WhatsApp, Zoom, Google classroom,telegram, skype, free cam, bandicam, hypercam..ж.б видео сабактар тиркемелерин, платформаларын пайдаланып, кайтарым байланышты үзгүлтүксүз уюштуруп жатышат.

КАРА-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕР КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН ТИЛИН ТАБЫШТЫ

КАРА-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕР КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН ТИЛИН ТАБЫШТЫ2020- жылдын башында  шаардын мектептери “Акылдуу мектеп” долбоорун ишкеа ашыруу аракетин көрүп, Edupage программасы менен иштей башташкан эле. Анда электрондук журнал түзүлүп, окуучуларга коюлган баалар, отчеттор, кат алмашуу, окуу программалары ж.б. иш кагаздары электрондук форматта жүргүзүлгөн.

Окуучулар электрондук күндөлүктү колдонуп, берилген тапшырмаларды аткарууга катышып жатышкан.

— Азыркы кырдаалда бул аракетибиздин акыбетин көрүп жатабыз.  Кайтарым байланыш түзүүдө биздин мектеп мугалимдери жана окуучулары кыйналган жок. Электрондук журналга баалар коюлуп, тапшырмалар берилип, ата-энелер кабардар болуп, кайтарым байланыш жүрүп жатат, -дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

КАРА-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕР КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН ТИЛИН ТАБЫШТЫКАРА-КӨЛДӨГҮ МУГАЛИМДЕР КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН ТИЛИН ТАБЫШТЫ

Шаардагы бардык мектептердин администрациясы мугалимдер менен кайтарым байланышты колго алып,  шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети менен тыгыз байланышта иштеп жатат.

-Бул үчүн биздин кызматкерлер кайтарым байланыш түзүүнүн Google Форма онлайн инструментин колдонушуп, маалымат алмашуунун тез жана ыңгайлуу жолун пайдаланып жатышат. Мисалга алсак, дистанттык окутуунун алгачкы күнүндө 90% окуучу кайтарым байланышка катышкан жана көпчүлүгү баа алышкан, — деп билдирди окуу- усулдук кабинетинин башчысы Айгул Каракозуева.

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер