КАРА-КӨЛДӨ АЗАМАТОВА АЗИЗА АЛДЫДА

  • 15.04.2021
  • 0

13-14-апрелде Кара-Көлдө «Жылдын мыкты мугалими — 2021» шаардык сынагы жыйынтыкталды.

Бүгүнкү күндө өлкө инсанды ар тараптуу тарбиялоо жана аларга терең билим берүү маселесин негизги орунга коюп, бардык күч-аракеттерди жумшап жаткан учур. Замандын талабынан калышпай, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө да инсанды тарбиялооонун ар тараптуу жактарын карап чыгуу менен  белгилүү түрк педагогу Халит Эртугрулдун (которгондор Талантбек Маматов, Жумагүл Маматалиева) “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебин кызуу талкуулап, кызугуу менен кабыл алып окуп чыгып, практикада колдонуп жатышат. Алсак, шаардык сынакта «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китебинен «Ийгиликтүү мугалимге кеңештер» деп аталган 4-китеп боюнча эссе жазуу жана аны презентациялоо да тапшырма катары берилген.

КАРА-КӨЛДӨ АЗАМАТОВА АЗИЗА АЛДЫДА

Сынакка шаарыбыздын мектептеринен тандалып келген 6 талапкер катышты:

1. Эркинбай кызы Бегимжан — Токтогул атындагы N1 мектеп-гимназиясынан;
2. Азаматова Азиза – Ч.Түлөбедиев атындагы N2 инновациялык мектебинен;
3. Орозобек кызы Гүлайым — Фрунзе атындагы N3 жалпы орто билим берүү мектебинен;
4. Аметжанова Сайкал — Д. Шопоков атындагы N4 орто мектебинен;
5. Нурманбетова Жыргал — Хуриев атындагы N5 орто мектебинен;
6. Култаева Майгулу — Темиров Туралы атындагы N6 орто мектебинен.

Метод – кең кучактуу түшүнүк, ал эми технология болсо – методдун бөлүктөрү, баскычтары, анын деталдары жана ишке ашыруу ыкмасы. Демек, окутуунун методдорун билүү менен сабакты жогорку деңгээлде өтүүгө мыкты технология керек — мына ошону өздөштүрүп кеткен мугалим мыкты мугалим боло алат. Мугалим усулсуз сабак өтөм десе, анда ал башкаруусуз автоунаага же калаксыз кайыкка отурган сыяктуу.
Мугалимдин устаканасы канчалык бай болсо, ал анын маанилүү мугалим экендигинен кабар берет эмеспи. Бүгүнкү сынакта талапкерлер “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебинен “Ийгиликтүү мугалимге кеңештер” бөлүгүн окуп чыгышып, өздөрүнүн ой-толгоосунан эссе жазып, китепти презентациялашты. Китепке болгон ой-толгоолор мугалимдерге пайдалуу кеңеш эле бербестен, китептин ар бир барагын окуп чыгып, практикада колдонгон мугалимдин тажрыйбасын байытууга чоң жардам берерине ынанышты.

КАРА-КӨЛДӨ АЗАМАТОВА АЗИЗА АЛДЫДА

Бүгүнкү таймашка Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынан Эркинбай кызы Бегимжан “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебинин чоң макетин жасап келип, китептин сырлары менен ой бөлүшүп, эң керектүү маалыматтарды берди. Ал эми Ч.Түлөбедиев атындагы N2 инновациялык мектебинин орус тилдүү башталгыч классынын мугалими Азаматова Азиза китепти орусча которуп, “Как стать успешным педагогом” деген темада презентация жасады. Ал мугалимдин азыркы кездеги абалына токтолуп, мугалимдин статусун көтөрүү башкы маселе деп баса белгиледи. Коомчулук мугалимди ар кандай сыноолордон өткөрөт, ал эми МУГАЛИМ сый-урматка жетүү үчүн ал сыноолордон сөзсүз өтүү керек экендигин айтып өттү. Темиров Туралы атындагы N6 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Култаева Майгулу өзүнүн презентациясын жыйынтыктап жатып, бул китепти ар бир мугалим ар дайым жанына алып жүрүшү  керектигин сунуштады.
Бардык нерсенин аягы болот дегендей, эки күндүк сынакта:
I орунга Эркинбай кызы Бегимжан жана Орозобек кызы Гүлайым,
Il орунга Култаева Майгулу жана Аметжанова Сайкал,
Ill орунга Нурманбетова Жыргал татыктуу болушту.
Айтайын дегеним, бүгүнкү талапкерлер окутуунун заманбап метод-технологияларын жайылтууда, өтүлгөн сабактын максаты балдардын турмушунда компетенттүүлүккө карай негизделген натыйжасын көрсөтө алышты.

КАРА-КӨЛДӨ АЗАМАТОВА АЗИЗА АЛДЫДА

Калыстар тобу сынактын талапкерлери биринен-бири өткөн чыгаан, чебер, тапкыч, өжөр, билимдүү, жаңычыл, санарип жаштар экенин эске салып, тандоо жеңил болбогонун белгилешти. Ошентсе да кыска убакыттын ичинде окутуунун жаңы методдорун колдонуп максатка жеткен Ч.Түлөбердиев атындагы N-2 инновациялык мектептин орус тилдүү башталгыч классынын мугалими Азиза Азаматова — «Жылдын мыкты мугалими — 2021» деп табылды.
Мыктылардын мыктысы болгон бул күнкү талапкерлер өздөрүнүн издемчил, чыгармачыл, эрктүү жана дареметтүү жаңычыл санарип мугалим экендигин иш жүзүндө далилдешти. Жеңүүчүлөр ийгиликтүү мугалим болуу сырларын “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебинен алып, өз өнөрканасын дагы бир пайдалуу кеңештер менен толукташты.

Орозова Тилек, Кара-Көл ШБББнүн методисти

Бөлүшүү

Комментарийлер