КАРА-КӨЛДӨ АРАЛЫКТАН ОКУТУУГА ДАЯРДЫК КҮЧ
- 01.04.2020
- 0
Энергетиктер шаарчасында эмгектенишкен мугалимдер алдыдагы аралыктан окутууга белсенип киришти.
Учурда агай-эжейлер шаардык билим берүү бөлүмүнүн «Методист» сайтына видеосабактарды жайгаштырууда. Мында окуучулар менен түзүлүүчү кайтарым байланыштын жолдоруна да орун берилет.
— Бул маанилүү иштен бир да мугалим четте калган жок. Баары түзүлгөн кырдаалдын олуттуулугуна жетик маани беришүүдө, -дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.
Буга улай айта кетсек, Кара-Көлдө шаар бийлигинин аракети менен сегиз мектеп, үч бала бакча, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү борбору жана спорт мектеби коронавируска каршы дезинфекциялоодон өттү.
А.Алибеков, «Кут Билим”
—
Бөлүшүү
Комментарийлер