КАРА-КӨЛДӨ «АПАМ, АТАМ ЖАНА МЕН, ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДҮН ЫНТЫМАГЫ БЕКЕМ» ЭСТАФЕТАСЫ СТАРТ АЛДЫ
- 12.05.2020
- 0
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен шаардагы бардык мектептерде «Атам, апам жана мен, үй-бүлөбүздүн ынтымагы бекем» эстафетасы өтүп жатат.
— Бул иш-чаранын максаты балдардын зордук зомбулукка кабылуусун алдын алуу, ата-эне менен баланын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, — дейт Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.
Айта кетсек, аталган иш-чарага энергетиктер шаарчасындагы бардык мектептер активдүү катышууда.
Мисалы Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери карантин убагында ата-энелер, окуучулар менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.
Окуучулар бош убактыларында ата- энелерине жардам беришип, ар түрдүү китептерди окушуп, китепке болгон кызыгуулары артты.
Окуучуларга ата-энелер жылуу мамиле жасап, үй-бүлөдө жакшы моралдык- психологиялык климат түзүшүүдө.
Карантин мезгилинде окуучулар үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте телесабактарды көрүшүп, аралыктан билим алып жатышат.
Мектеп менен ата-энелердин байланышы чыңдалып, «Атам, апам жана мен, үй — бүлөбүздүн ынтымагы бекем» деген темада аралыктан класстан тышкаркы иш-чаралар өткөрүлдү.
Башталгыч классынын мугалимдери, ата-энелери менен биргеликте «Келгиле, үй-бүлөбүз менен бирге китеп окуйлу!» деген темада видеороликтерди даярдашты.
5-«а» классында «Атам, апам жана мен» , 7-«б»классында ‘Биз бирдиктүү үй-бүлөбүз» , 7-«а» классында «Тарбия башаты үй-бүлө» , 8-«а» классында «Биз ынтымактуу үй-бүлөбүз» деген темада аралыктан сабактар өтүлүп, видеороликтер жасалды.
Жаман адаттардан алыс болуу, жакшы адаттарга көнүгүү, балдарды келечекке багыттап тарбиялоо, ата-эненин бала менен өз ара мамилеси тууралуу ата-энелерге түшүндүрмө берилди.
Кырдаалга байланыштуу ата-энелер мугалимдерден педагогикалык, психологиялык кеп-кеңештерди алышты.
Чолпонбай Түлөбердиев атындагы № 2 жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинде болсо, ата-энелер, мугалимдер мектеп менен ата-эненин байланышын чыңдоо максатында «Атам, апам жана мен, үй-бүлөбүздүн ынтымагы бекем» деген темада 5-11 — класстардын арасында эстафета уюштурушту.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер