КАРА-БАЛТАНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
- 12.11.2026
- 0
11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан келген мектеп окуучулары менен жолугушту. 
Баарлашуунун жүрүшүндө эл өкүлү билим берүү тармагын өнүктүрүү, мектептердеги окуу шарттарын жакшыртуу, кесип тандоо жана жогорку окуу жайларга даярдык көрүү маселелерине токтолду. Ошондой эле окуучулардын келечекке койгон максат-кыялдарын угуп, аларды кызыктырган суроолорго кеңири жооп берди. 
Иш-чаранын алкагында окуучулар үчүн парламенттин имаратында атайын экскурсия уюштурулуп, кыргыз парламентинин тарыхы жана мыйзам чыгаруу органынын негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди. Жаштар санариптик музейди көрүп, чоң жыйындар залына кирүү менен мыйзам чыгаруу процессине жеринен күбө болушту. 
Жолугушуунун соңунда депутат Чолпон Эсенаманова окуучулардын билим алуусуна ийгиликтерди каалап, алдыга койгон бийик максаттарына жетүү үчүн талыкпай аракет кылууга үндөдү.
А.К., «КБ»