«КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ: ЭС ТУТУМ, МУРАС ЖАНА КЕЛЕЧЕК» КМУДА УЛУУ ИНСАНДАР ЭСКЕРИЛДИ
- 12.11.2026
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Кыргызстандын тарыхы: эс тутум, мурас жана келечек» аталышында эскерүү кечеси өттү. 
Аталган окуу жайдын Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулган иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Кеченин жүрүшүндө кыргыз элинин бай тарыхы, улуттук баалуулуктары, ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон Жусуп Абдырахманов, Ишеналы Арабаев сыяктуу чыгаан инсандардын өмүр жолу жана тарыхый мурастары кеңири баяндалды. Андан тышкары, ата-бабалардын басып өткөн эрдик жолу, акылмандыгы жана келечек муундарга калтырган осуяттары тууралуу маанилүү маалыматтар берилди. 
Жаш муундардын тарыхый эс тутумун калыптандыруу, улуттук аң-сезимин жогорулатуу жана ата-бабалардын мурасын урматтоого тарбиялоо максатын көздөгөн бул иш-чара студенттердин мекенчилдик сезимдерин арттырууга өбөлгө түздү.