«БАЛАНЫН КООПСУЗДУГУ — АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ»: БОРБОР КАЛААДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 12.11.2026

Борбор калаада жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылууга, укук бузуулардын алдын алууга жана алардын ден соолугун коргоого багытталган ведомстволор аралык ата-энелер жыйындары уланууда. «БАЛАНЫН КООПСУЗДУГУ — АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ»: БОРБОР КАЛААДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

«Таберик» залында уюштурулган кезектеги жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Биринчи май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышты. «БАЛАНЫН КООПСУЗДУГУ — АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ»: БОРБОР КАЛААДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Иш-чарада прокуратура органдарынын, Ички иштер министрлигинин, Кайгуул милициясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана мэриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистери балдардын коопсуздугу жана ден соолугун сактоодогу актуалдуу маселелер тууралуу кеңири маалымат беришти. Баяндамачылар өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алууда үй-бүлө, мектеп жана мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. «БАЛАНЫН КООПСУЗДУГУ — АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ»: БОРБОР КАЛААДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Жыйындын жүрүшүндө №41 жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан «Коопсуз жашоо — жаркын келечек» аттуу көркөм пролог тартууланды. Ал эми иш-чаранын соңунда ата-энелер мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө түз кайрылып, «суроо-жооп» форматындагы ачык диалог аркылуу өздөрүн кызыктырган суроолорго компетенттүү жоопторду алышты. «БАЛАНЫН КООПСУЗДУГУ — АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ»: БОРБОР КАЛААДА АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти 10-ноябрдан 13-ноябрга чейин «Баланын коопсуздугу — ата-эненин жоопкерчилиги» деген жалпы теманын алкагында билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана ата-энелер менен пландуу жолугушууларды өткөрүүдө.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү