«Санарип мугалим» атайын окутуу курсу старт алды
- 12.11.2026
- 0
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мектеп мугалимдери үчүн «Санарип мугалим» аталышындагы үч күндүк атайын окутуу курсу башталды. 
Окутуу курсу университеттин алдындагы «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борбору (директору, п.и.к., доцент Т.Э. Исаков) жана Билим берүү инновациялары колледжи (директору, ф.-м.и.д., доцент Ч.Х. Абдуллаева) тарабынан уюштурулду. 
Демилге аталган түзүмдөрдүн илимий-изилдөө долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоонун республикалык институту, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош билим берүү институттары менен макулдашуу негизинде ишке ашырылууда. 
Курстун ачылыш аземинде университеттин илим боюнча проректору, э.и.д., профессор А.К. Атабеков, Илим изилдөө институтунун директору, э.и.д., профессор Ч.К. Райымбаев, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент И.Э. Исаев, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борборунун башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.К. Чамашов сөз сүйлөштү. 
Алар өлкөнүн 2021–2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасында каралган билим берүүнү санариптештирүү багытынын жана 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле курстун катышуучуларына ийгиликтерди каалашты.
Үч күндүк окутуу эки багытта уюштурулган. Биринчи багыт — «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун «Мугалимдер үчүн санариптик педагогика: онлайн жана гибриддик окутууда заманбап куралдарды колдонуу» аттуу долбоору. Бул багыттагы окуулар офлайн режиминде семинар-тренинг форматында өткөрүлүп, ага 157 мектеп мугалими катышты. Семинар-тренингди «Санарип академиясынын» тренери Нуржамал Ташева алып барды.
Экинчи багыт Билим берүү инновациялары колледжинин «Башталгыч класстарда STEAM жана 4К: келечектин сабагы» аттуу изилдөө долбоорунун негизинде уюштурулду. Бул окуу онлайн форматында өтүп, ага 98 мугалим тартылды.

Жалпысынан эки багыт боюнча 255 мугалим камтылган атайын курстун алгачкы күнү уюшкандыкта өтүп, катышуучулардын кызыгуусун жаратты. 
Белгилей кетсек, мындай окутуулар мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, онлайн жана гибриддик окутуунун заманбап мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүгө, ошондой эле башталгыч класстарда STEAM жана 4К ыкмаларын колдонуу боюнча кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
А.К. «КБ»