КАРА-БАЛТА ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 18.04.2024
  • 0

17-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринин, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун кызматкерлери, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр кереге кеңеш учурунда Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, окуу жайдын иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара байланышын жакшыртуу, валидация жана сертификациялоо маселелерин талкуулашты.

КАРА-БАЛТА ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда долбоордун 1 млн доллар өлчөмүндөгү колдоосу менен имараттары реконструкцияланып, окуу жана өндүрүштүк жабдуулар, техника жана эмеректер менен камсыздалып, окутуучуларды даярдоого багытталган.

Долбоордун жетекчиси Нурлан Атаканов: «Алдыңкы тажрыйба борборлору өзүн гана өнүктүрбөстөн, кесиптик билим берүү мекемелерине билим берүү программаларын жакшыртуу, окутуучулардын жана мастерлердин квалификациясын жогорулатууга да көмөк көрсөтүшү керек», — деди.

Мындай кереге кеңештер Бишкек шаарында, Нарын, Ысык-Көл, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарында дагы уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер