КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН КИЙИН БИШКЕКТЕ №63 БАЛА БАКЧА ЭШИГИН АЧТЫ
- 30.09.2026
- 0
Бишкек шаарында капиталдык оңдоодон жана жаңылоодон өткөн №63 бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, мекеменин шарты менен жакындан таанышты. 
Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан бул бала бакчанын имараты 1990-жылдары жеке менчикке өтүп кеткен. Ал эми 2024-жылы объект муниципалдык менчикке кайтарылып, 2025-жылы калыбына келтирүү иштери башталган. Капиталдык оңдоо маалында имараттын негизги каркасы сакталып, ички-тышкы жасалгалары, инженердик коммуникациялары толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле тарыхый көрүнүштү сактоо максатында имараттын фасадындагы совет дооруна таандык эки мозаика калтырылган. 
Жалпы аянты 2 304,8 чарчы метрди, жер тилкеси 0,79 гектарды түзгөн эки кабаттуу имарат негизинен 280 балага ылайыкталган. Ал эми жыйылып-жайылуучу керебеттерди колдонуу менен бала бакчага 500гө чейин баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мекемеде оюн жана уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, ашкана, музыкалык жана гимнастикалык залдар, санитардык жайлар каралып, майыптыгы бар инсандар үчүн пандустар орнотулду. Ал эми анын аймагында 12 оюн аянтчасы курулуп, жашылдандыруу иштери аткарылды. 
Курулуш жана жаңылоо иштери Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, ага 118 млн сом каражат жумшалды. Долбоорду «Эйти Эмпайр» ЖЧКсы ишке ашырды. 
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы бала бакчанын аймагын андан ары көрктөндүрүү, өрт коопсуздугун камсыздоо, тосмолорду жана оюн аянтчаларынын коопсуз жабууларын орнотуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле мэр жакынкы үйлөрдүн тургундары менен жолугушуп, пикир алышты. Тургундар социалдык объекттин кайрадан калыбына келтирилип, балдардын билим алуусуна шарт түзүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
А.К., «КБ»