КАНЫБЕК ИСАКОВ ТАЛАСТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

  • 24.09.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков иш сапары менен Талас облусуна барып, Талас районундагы үч билим берүү мекемесинин абалы менен таанышты.

КАНЫБЕК ИСАКОВ ТАЛАСТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

100 окуучуга ылайыкташкан Балбал орто мектебинде учурда 200 бала билим алып жатат. Бирок ӨКМ 2015-жылы мектеп авариялык абалда деген бүтүм чыгарган. Жаңы мектептин куруу иштери 2015-жылы башталып, пайдубалы салынган. Андан бери жумуш токтоп калган. Министр К.Исаков мектептин курулушу менен таанышып жатып, аны  жандантууну 2020-жылдын бюджетинин эсебинен баштоо планы бар экенин билдирди.

Министр андан кийин Казак Момункулов орто мектебине барды. Билим берүү мекемесине 2018-жылы “Манас” лицей-интернаты кошулган. Интернатка быйыл дагы 50 окуучу кабыл алынып, класстык бөлмөлөр жатаканага бөлүштүрүлгөн. Учурда лицей-интернат өзүнчө жатакана корпусуна муктаж. Жетекчи бул маселени да келерки жылдын иш планына киргизүүгө аракет кыла турганын айтты.

КАНЫБЕК ИСАКОВ ТАЛАСТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

Жумуш сапарынын аягында Талас районундагы №18 “Нагима апа” бала бакчасы менен таанышты. Мында учурда 120 бала мектепке чейинки билим алат. Министр мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги жакшы иштерди көрүп, тарбиячылардын эмгегине ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер