КАНЫБЕК ИСАКОВ РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ КОНКРЕТТҮҮ ТАЛАПТАРДЫ КОЙДУ

  • 30.01.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Ноокен, Тоң, Баткен жана Аксы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жаңыдан дайындалган жетекчилери Нурбек Олжобаев, Бактыгүл Кадырова, Олжобай Мажилимов жана Талант Эмилбек уулун кабыл алды.

Каныбек Исаков жетекчилерге аймактарды өнүктүрүү, санариптик мектеп, окуучуларды ар тараптуу колдоо жана коргоо боюнча алдыда жасала турган жумуштарды тизмектеп, ар бир жетекчиге так милдеттерди койду.

Министр ар бир райондогу билим берүү жаатында калыптанып калган тенденция, жетишпестиктер боюнча деталдуу маалымат берип, ийгиликтер жана кемчиликтерин көрсөттү.

Мындан сырткары мектептеги билим берүүнүн, балдар бакчаларындагы тарбия берүүнүн сапаты, мугалимдердин билимин жогорулатуу, айлык акыны эсептөөнү автоматташтыруу маселелерине токтолду.

Жаңы дайындалган жетекчилерге үч ай сайын жасап жаткан жаңы иштери боюнча маалымат берип туруу милдеттенме коюлду. Министр аларды ишке демилгелүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Каныбек Исаков мындан ары ар бир райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен бат-баттан жолугушуп, аткарыла турган жана аткарылып жаткан жумуштарды талкуулап, жаңы демилгелер боюнча пикир алышуулар болуп турарын белгиледи.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер