КАНЫБЕК ИСАКОВ: МИНИСТРЛИККЕ КАЙРЫЛГАН ЖАРАНДАРГА МАДАНИЯТТУУ МАМИЛЕ БОЛСУН

  • 30.09.2019
  • 0

Мындан ары Билим берүү жана илим министрлигине келген ар бир жаранды маданияттуу кабыл алып, ага адамгерчиликтүү мамиле жасалышы керек. Министр Каныбек Исаков түзүм кызматкерлери менен өткөн жыйында ушундай талапты койду.

“Бизге келген ар бир жаранга маданияттуу мамиле жасалсын. Арыз-даттанууларын дыкат угуп, аларга мыйзамдүү түрдө көмөк көрсөтүп, жарандардын муктаждыктарын өз убагында чечип, министрликтин кызматкерлери ишке карата жоопкерчилигин жогорулатышы керек. Ар бир кызматкер жумуш ордуларын таза сактоого милдеттүү”, — деди министр.

Ал соңку жылдары коомчулук тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине сындар көп айтылып, жарандардын ишеними төмөндөп кеткенин белгиледи.

“Министрлик билим берүүчү органдын башкы мекемеси катарында өзү үлгү көрсөтсүн. Бул  республикадагы бардык билим берүү бөлүмдөрү, мектептерге чейин жайылтылып, элге позитивдүү маанай жаратып, билим берүү системасынын деңгээлин, аброюн коомдо көтөрүү боюнча иштер аткарылууга тийиш”, — деди Каныбек Исаков.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Билим берүү министрлигинин имаратында ремонт иштери жасалып, эстетикалык көрүнүшү өзгөрдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер