КАНЫБЕК ИСАКОВ КАРА-КӨЛ ШААРЫНДАГЫ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНАН КАБАР АЛДЫ
- 22.10.2019
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кара-Көл шаарына жасаган жумуш сапарында Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде жана “Баластан” балдар бакчасында болду.
Анда министр билим уяларынын окуу-тарбия иштери менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди.
Мындагы педагогдорду көбүнчө эмгек акынын октябрь айынан тартып 30%га жогорулаганы кызыктырды. Алар бул боюнча министрден кошумча маалыматтарды тактап алганга жетишти.
К.Исаков бала бакча кызматкерлери, мугалимдердин маяналарына кошула турган 30% каражат кандай төлөнө тургандыгын ар бир мугалимдин мисалында кеңири түшүндүрүп, октябрь айынан кошулган эмгек акыны бардык педагогдор сезе турганын белгиледи.
Соңунда министр балдар бакчасына китептерди белекке берди.
Комментарийлер