КАНЫБЕК ИСАКОВ БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 12.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн, 12-августта жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча Баткен облусундагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууда министр 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыктары, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына, Алтын сертификатка жетишкен облустун окуучуларына токтолуп, көрсөткүч жакшы экендигин белгиледи.

Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу онлайн режиминде өтүп, бул абитуриенттердин баарына бирдей шарт жаратып, ЖОЖдордогу кабыла алуу комиссияларынын конкурстардын жыйынтыгына тийгизген таасирин жокко чыгарганын билдирди.

Облустук усулдук борбордун директору М.Айжигитова кырдаалга жараша министрликтин жасап жаткан иштерине ыраазычылык билдирип, ЖОЖго онлайн кабыл алуу алыскы Баткен аймагындагы окуучуларга, ата-энелерге ыңгайлуу болгондугун, кабыл алуунун ачыктыгы коррупцияга бөгөт койгондугун айтты.

КАНЫБЕК ИСАКОВ БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Министр жаңы окуу жылына карата педагогдорго окутууну дистанттык түрдө жүргүзүү ыкмалары, онлайн сабактарды даярдоо, видео сабактарды, видео окуу материалдарын, мультимедиалык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча вебинарлар өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жолугушуудан соң, министр Баткен шаарындагы жаңы курулуп жаткан 140 орундуу «Акжолтой-Баткен» балдар бакчасы менен таанышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер