КАНЫБЕК ИСАКОВ: «АЛДЫДАГЫ ҮЧ ЖЫЛДА БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН КАМТУУНУ 80%ГА ЖЕТКИРҮҮБҮЗ КЕРЕК»

  • 26.02.2020
  • 0

Жыл жыйынтыгына баа берген Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков баланын инсандык өсүп-өнүгүүсүндөгү мектепке чейинки билим берүүнүн күн санап жогорулап бараткан ордуна токтолду.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: «АЛДЫДАГЫ ҮЧ ЖЫЛДА БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН КАМТУУНУ 80%ГА ЖЕТКИРҮҮБҮЗ КЕРЕК»

— Эң ириде биз чечүүгө милдеттүү болгон негизги конституциялык милдеттердин бири бул – балдардарды мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрүнө  жана мектепке тартуу болуп эсептелет, — деди министр.

Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада типтүү бала бакчалардын саны 1497 болсо, быйылкы көрсөткүч 1552 бала бакчаны түздү. Учурда 199 200 наристе бала бакчаларда тарбияланууда. Мындан тышкары, мектеп алдындагы уюштурулган 4000 класста 107362 бала билим алды. 3-7 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү менен камтуу жыл ичинде 40%дан 43, 1%га чейин жетти.

Талдоочулардын баамында, Билим берүү жана илим министрлиги колго алган «Электрондук кезек» долбоору өз жемишин берүүдө. Мисалы, быйыл Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 117 миңден ашуун табыштама берилип, 50109 бала бала бакчаларга жайгашты.

Азыркы тапта Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кия, Сүлүктү жана Каракол шаарларын бул системага кошуу иштери башталды.

А.Алибеков, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер