КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ  ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНУН ТӨРАГАСЫ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

  • 23.04.2024
  • 0

Улуттук илимдер академиясында Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайында  жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы билим берүү жана илим министри, саясат таануу илимдеринин доктору, жазуучу, акын, публицист Каныбек Иманалиев төрагалыкка шайланды.

Шайлоого Эл акындары Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев Каныбек Иманалиев ат салышты. Шайлоо эки тур менен өтүп, кийинки турга Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Култегин чыкты. Кайрадан добуш берүүнүн жыйынтыгында К.Иманалиев 70 упай, Кожогелди Култегин 54 упай алышты.

Улуттук жазуучулар союзунда бүгүнкү күндө  поэзия, проза, драматургия, сын жана адабият таануу, балдар адабияты, көркөм котормо секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында бөлүмдөр иштейт. Чукулда Чүй облусунда да бөлүмү ачылышы каралып жаткан кез. Бирикменин төрагасы беш жылга шайланат. Шайлоого чейин беш жыл Улуттук жазуучулар союзун акын Нурлан Калыбеков жетектеп келген. Мамлекет быйыл бирикменин көп жылдар боюу чогулган карызын кечкен. Мындан тышкары китеп чыгарууга жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө  15 миллион сом бөлүп берген. Курултайдын катышуучулары жаңы төраганын ишине ийгилик каалап, ак батасын беришти.

М.Токторов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер