КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ЖОЖдор КҮЗДӨ НАТЫЙЖА БЕРИП БАШТАШЫ КЕРЕК

  • 27.02.2023
  • 0

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ЖОЖдор КҮЗДӨ НАТЫЙЖА БЕРИП БАШТАШЫ КЕРЕК

Өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар жыйынтыктарды күздө берип башташы керек. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда  айтып, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.  

Министрдин айтымында, 17-мартта жогорку билим берүү тармагын реформалоо, ЖОЖдордо менеджментти өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер боюнча кеңешме өтөт.

«Азыр өзгөчө макам алган окуу жайларга талап катуу. Бирок аткарылып жаткан иштерге бир жыл өтмөйүнчө баа берүү кыйын. Анткени азыр силерде кайра түзүү, уюштуруу иштери жүрүп жатат. Бирок силер башталган иштин аягына чыгарышыңар керек. Күздө беш университет боюнча рейтинг кылабыз. Атайын бир күндү жождордун ректорлорун кабыл алуу күнү кылам. Бул күнү керек болсо түнгө чейин ар бир жетекчини кабыл алам. Кандай маселе болбосун түз келип кеңешсеңер болот. Кесиптик  билим берүүдө 50/50 өндүрүш болушу керек. Өнүгүүгө бут тоскон бардык тоскоолдуктарды жойгонго аракет кылабыз.  Башкача айтканда, мен силердин коргоочуңар болом. Болгону силер иштеп беришиңер керек», — деди Каныбек Иманалиев.

Буга чейин Президенттин Жарлыгы менен өлкөдөгү бир нече окуу жайлар тармагы боюнча беш чоң университетке бириктирилип, аларга өзгөчө макам берилген. Кыргыз Экономикалык Университетине илим-изилдөө институту макамы берилген. Өзгөчө макам алган университеттер чарбалык-финансылык эркиндикке ээ болуп, ар тараптуу өнүгүүгө колдоо алышмак.

 

Ч.Кийизбаева, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер