КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ЖОЖдор КҮЗДӨ ЖЫЙЫНТЫК БЕРИП БАШТАШЫ КЕРЕК”

  • 28.02.2023
  • 0

“Өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар күздө жыйынтыктарды берип башташы керек. Азыр өзгөчө макам алган окуу жайларга талап катуу. Бирок аткарылып жаткан иштерге бир жыл өтмөйүнчө баа берүү кыйын. Анткени азыр силерде кайра түзүү, уюштуруу иштери жүрүп жатат. Бирок силер башталган иштин аягына чыгарышыңар керек. Күздө беш университет боюнча рейтинг кылабыз”, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ӨЗГӨЧӨ МАКАМ АЛГАН ЖОЖдор КҮЗДӨ ЖЫЙЫНТЫК БЕРИП БАШТАШЫ КЕРЕК”

Министрдин айтымында, жакынкы күндөрү жогорку билим берүү тармагын реформалоо, ЖОЖдордо менеджментти өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер боюнча кеңешме өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер