КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ПРЕЗИДЕНТТИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН МУГАЛИМДЕРГЕ “КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ” НААМЫ БЕРИЛЕТ”

  • 28.02.2023
  • 0

27-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ПРЕЗИДЕНТТИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН МУГАЛИМДЕРГЕ “КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ” НААМЫ БЕРИЛЕТ”

Алар:

  • Президенттин демилгеси менен эки мугалимге “Кыргыз Эл Баатыры” наамы берилет;
  • “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;
  • Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;
  • Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;
  • Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.

Каныбек Иманалиев Президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо билим берүүгө болгон чоң ишеним, чечкиндүү кадам экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер