КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “PISA БОЮНЧА КӨРСӨТКҮЧ  5-10 КАДАМ АЛДЫГА ЖЫЛЫШЫ КЕРЕК”

  • 29.08.2023
  • 0

Окуучуларды STEM-предметтерине басым жасап окутуу өзгөчө көңүл чордонунда болууга тийиш. Балдарга функционалдык сабаттуулукту, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандырууга мүмкүндүк берет. Жыйынтыгында PISA боюнча көрсөткүчтөр 5-10 кадам алдыга жылышы керек. 

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “PISA БОЮНЧА КӨРСӨТКҮЧ  5-10 КАДАМ АЛДЫГА ЖЫЛЫШЫ КЕРЕК”

— Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатат, ошондуктан дүйнөгө уят болбой РISAга татыктуу даярданалы! PISA жөнүндө сөз болгондо көбүнчө 2006- жана 2009-жылдардагы терс тажрыйба эске келет. РISAга тапшыруучулар быйыл 1-сентябрда 9-класска барат. Ар бир мектептен 14-22 балага чейин катышат. Ал мектептин директорунун көзөмөлүндө болуш керек. РISAга даярданууда тест тапшыруу мүмкүн үч айда бир тапшырып туруш керек. Азыр биз анын техникалык жактарын, мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз, — дейт министр мырза.

700 үй, 1000 орундуу пансионат

Эгемендикке ээ болгондон берки тарыхыбызда алгачкы жолу мугалимдер үчүн 700 квартиралуу үй, 1000 орундуу пансионат салуу белгиленип жатыптыр. Булардын долбоорун түзүү боюнча өлкө башчысы тиешелүү тапшырмаларды берген экен.

— Быйыл урматтуу Президентибиз “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ага ылайык мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды. Азыркы учурда мектептерди оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алуу үчүн керек болгон каражаттарын булактары аныкталууда. Биз бул Жарлыктын негизинде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга бөгөт коюу боюнча, ошондой эле өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин күнү-түнү иштеген бирдиктүү ишеним телефону (0999800500) иштей баштады. Ишеним телефону аркылуу ар кандай мыйзамсыз акча чогултууларды жана арызданууларды билдирсеңиз болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар! Фото жана видео далилдерди дагы жиберсеңиздер болот. Ар бир кайрылуу тыкыр иликтенет жана тиешелүү чаралар көрүлөт, — деди Каныбек Капашович.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер