КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ МУГАЛИМДИН СТАТУСУН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 28.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин декандары жана министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчилери менен жолукту.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ МУГАЛИМДИН СТАТУСУН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Жолугушууга “Кутбилим” медиа-борборунун директору Кубат Чекиров, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, Педагог, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк, Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин окутуучусу Молдосейит Мамбетакунов катышты.

Анда билим берүү тарагындагы реформаларды ишке ашыруу жана мугалимдин кадыр баркын жогорулатуу жол жоболору талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер