КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КУАУдагы КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

  • 25.04.2023
  • 0

25-апрелде Каныбек Иманалиев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде илимге эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Григорий Баляндын 95 жылдыгына жана эмгек сиңирген экономист, техника илимдеринин кандидаты Генрих Баляндын 70 жылдыгына арналган II жыйынтыктоочу конференцияга катышты.

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КУАУдагы КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Билим берүү жана илим министри окуу жайдын лабораториялары, аквамаданий борбору, бизнес-инкубатору, күнөсканалары менен таанышты. Конференцияда ал илимди, өндүрүштү өнүктүрүүдө, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда университеттин маанисин белгилеп, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө агрардык университеттин дараметин белгиледи.

Эскерте кетсек, Григорий Балян (1928-2011) тоют даярдоо, өсүмдүк өстүрүү жана жайыттарды изилдөө боюнча адис. Ал 200 илимий эмгектин, 6 ойлоп табуунун, тоют өсүмдүктөрүнүн эки сортунун автору.

Бөлүшүү

Комментарийлер